Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Россия өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Сиздин достук, өнөктөштүк жана союздаштык орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди аткаруу үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык акырындык менен өнүгүүдө.
Энергетика, өнөр жай, транспорттук инфраструктура, билим берүү, илим, маданият жана башка тармактарда келечектүү биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө.
Мындан ары пландуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, багыттардын кеңири спектри боюнча жаңы демилгелерди ишке киргизүү үчүн экономикалык өбөлгөлөрдү түзүү Россиянын жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына толук өлчөмдө жооп берет деп ишенем.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий