Россия кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Бул Кыргызстанга кандай таасир этет?

Саясат 0

Бишкек, 06.06.24. / Кабар/. Россиянын кумшекерди экспорттоого киргизген чечими биздин өлкөдөгү кумшекердин баасынын өсүшүнө эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу “Кошой” кант заводунун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды Кант” ААКысынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, Россия кумшекерди экспорттоого тыюу салганына карабастан, ЕАЭБ үчүн квоталар каралганын эстен чыгарбоо зарыл.

“Өткөн жылы Россия кумшекерди ташууга тыюу салганда баасы жогорулаган. Бирок ЕАЭБ мамлекеттери үчүн атайын квота бар”, - деди ал.

Серепчи белгилегендей, былтыр так эмес маалыматтар тараганда ак ниет эмес ишкерлер элдин башын айлантып, кумшекердин баасы өсүп кеткен. Бирок, ЕАЭБ үчүн квоталардын бар экендигин билдиришкен эмес.

“Бул ирет бардыгы болжолдонгон. Тыюу салуу чечими шейшемби күнү чыкты. Алдын ала сатып алчулар кумшекерди камдап алды. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн Россиянын квотасы бар. Бирок ошол эле маалда бизде эмки жылдагы түшүм жыйноого чейин жеткидей кор бар. Буга байланыштуу быйыл кумшекерге болгон дүрбөлөң жок жана баа туруктуу», - деп белгиледи Алтыбаев.

Ошондой эле ал базарда Россиянын кумшекери 70-71 сом, Кыргызстандыкы 72,20 сомду түзүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий