• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду он жылда 727,5 млн долларды түзгөн 3400 долбоорду каржылады

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду он жылдын ичинде 727,5 млн АКШ долларын түзгөн 3400 долбоорду каржылады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгынын 2022-2026-жылдарга белгиленген өкмөттөр аралык программасы ишке ашырылууда.

"Бул жөн гана план эмес, бул жол картасы биздин өлкөлөрдүн келечегин бир канча жыл алдыга аныктайт. Бул иштерди жүргүзүүдө Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун орду маанилүү. Он жыл ичинде фонд 3,4 миңден ашык долбоорду 727,5 млн АКШ доллары менен каржылады. Бул инвестициялар бизнеске гана эмес, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин экономикалык байланыштарын бекемдөөгө салым кошот", - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий