• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Россия Кыргызстанга кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоого көмөктөшөт

Президент 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары жайгашкан райондордо жашаган калктын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүш ишканаларынын объектилеринде өзгөчө кырдаалдарын пайда болуу тобокелдиктерин азайтууну камсыз кылууда өз ара аракеттенүүнү караштырат.

Пикир

Оставить комментарий