Коронавируска каршы күрөш көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, алардын бири - саламаттык сактоо тармагы. Медициналык мекемелер жана дарыгерлер бейтаптардын мындай агымына даяр эмес болду. Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн ылайыктуу алгоритм убагында түзүлбөгөндүктөн кырдаал курчуп кетти. Натыйжада жай мезгилинде бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам 1-июлда өлкөгө Россиядан биринчи аскер дарыгерлери келишкен. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Роспотребнадзордун милдети болуп Кыргызстандагы кырдаалды баалап, муктаждыктарды талдоо менен чечимдерди сунуш кылуу болду. Россиялык адистердин кийинки тобу 22-июлда, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген үчүнчү топ 23-июлда келген. Дарыгерлер менен бирге Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана дары-дармектер келген.
Жардамга келген адистердин ишмердүүлүгү жыйынтыктаганда эксперттер жамааты "Коронавирус менен күрөшүү: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга Россиянын колдоосу" аталышындагы онлайн-брифинг өткөрүп, учурдагы кырдаалды талкуулоону чечишкен.
Кыргызстанга сырттан келген жардам тууралуу эксперт Шерадил Бактыгулов ой бөлүштү.
"Россия менен Кытай жардамдын 70%ын кайтарымсыз негизде берди. Ал насыя эмес кайтарымсыз негизде болду. Ал ар кайсы органдардын ишинин жыйынтыгы. Чек ара жабык болгонун Москванын чечими жок бир да учак чек арадан учуп чыкпай турганын түшүнүү керек. Былтыр экономиканы колдоо үчүн Россия тарабынан 10 млн доллар бөлүүсү тууралуу макулдашылган. 2018-жылы Россия карыздын бир бөлүгүн чийип салганы таасирин тийгизиип, Кыргызстандын бийлиги каражаттарды үнөмдөдү. Үнөмдөлгөн каражаттарды башка маселелерди чечүүгө жумшоого болот", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий