• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Россияда 565 миң кыргызстандык иштейт, РФ ФМК “кара тизмесинде” 110 миң КР жараны бар - ММК

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Эмгек миграциясында 800 мин кыргызстандык жүрөт. Бул тууралуу “Кырызстандын ЕАЭБде төрагалыгынын жыйынтыктары: Евразия интеграциясынын экономика жана коопсуздук тармагында өнүгүшүнүн жаңы векторлору” тегерек үстөлүндө Мамлекеттик миграция кызматынын эмгек миграциясы бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, негизги бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө, тактап айтканда Россия менен Казакстанда жүрүшөт.

“Учурда Россиянын расмий маалыматтар боюнча РФ аймагында КР 565 миң жараны бар. Казакстанда ар кандай мезгилдерде 35тен 50 миңге чейин кыргызстандыктар бар. КРнын ЕАЭБге кошулушу менен биздин өлкө бир катар артыкчылыктарды алды. Анын ичинде 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү, ишке орношууга уруксат кагазын талап кылышпайт, салык эми резиденттерге катары ишке ашырылат. Жарандарыбыз социалдык, мүлк жана пенсия алуу жаатында мүмкүндүктөргө ээ болушту”, -деди ал.

Шамшиев КРнын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн 2 жылында кыргызстандыктардын ЕАЭБге келүүсү өскөнүн белгиледи.

“Казакстанда жыл сайын мигранттардын саны 2-3%эсе өссө, анда Россияда бул сан 25-30%ды түзөт. Өлкө артыкчылыктарды алганына карабастан чечилбеген маселелер бар. Укуктук жана мыйзамдык жаатта да карама-каршылыктар бар. Бирок, анткен менен россиялык тарап шарттарды түзүүгө барууда. Алсак, улуттук айдоочулук күбөлүктөр РФ аймагында таанылбай келген, эми бул маселе чечилди”, - деп кошумчалады ал.

Улан Шамшиев РФ ФМК “кара тизмесинде” 110 миң кыргызстандык бар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий