Россияда айдоочулук күбөлүгүн принтерден чыгарып алган кыргызстандык адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Россиянын Ленин облусундагы Всеволожск районунда кыргызстандык адам жасалма айдоочулук күбөлүгү менен кармалды. Бул тууралуу Ленинград облусу боюнча ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-июлда күндүз Жол кыймылынын коопсуздугунун мамлекеттик инспекциясы “Skoda Rapid” үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Айдоочу 25 жаштагы Кыргызстандын жаранына жазылган айдоочулук күбөлүгүн көрсөткөн.

“Бирок документте голограмма жана микрошифр жок болгон. Көп өтпөй күбөлүк түстүү принтерден чыгарылгандыгы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий