Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Россиянын Владивосток шаарында “Азиянын балдары” VII эл аралык спорт оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
“Азиянын балдары” оюндарына Кыргызстандан спорттун 9 түрү боюнча 48 спортчу катышат.
Бүгүн пляж волейболу, баскетбол жана көркөм гимнастика боюнча мелдештер башталды.
Турнир 8-августка чейин уланат.
Пикир
Оставить комментарий