• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Россияда эмгектенген мекендештер Кыргызстанга келип иштөөгө чакырылды

Коом 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Россияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга келип иштөөгө чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат.

"Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы ата мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер", - деп жазган ал.

Ошондой эле Аскат Алагөзов төмөндөгү сурап билүү телефондоруна байланышуу керектигин белгиледи.

1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга);

0559 18 99 00 WhatsApp.

Пикир

Оставить комментарий