• 86.8
  • 91.27
  • 0.81

Министрлик: Россияда көйгөйсүз жүрөм деген мигранттар мыйзамдарды так сакташы керек

Маек 0

Россиянын миграциялык саясаты өзгөрүп, чет элдиктердин өлкөдө жүрүүсүн жөнгө салган мыйзамдарды кайра карап чыгышты. Мындан улам, бул теманын тегерегинде ар кандай ушак-айың кептер жүрүп, кыргыз жарандарын бир топ бушайман кылды. Бир жагынан бул маселе саясатташып кетип, ар кандай туура эмес божомолдор дагы айтылып кетти.

“Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Россияга иштегени кетип жаткан өлкөбүздүн жарандарынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча эксклюзивдүү жана кеңири комментарийлерди жана тактоолорду ала алды. Суроолорубузга министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жооп берди.

– Бакыт Дарманкулович, Россияда келерки жылдан тарта күчүнө кире турган миграция мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр тууралуу айтып берсеңиз?

- Миграциялык мыйзамдардагы өзгөртүүлөр баарынан мурда Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында болуу мөөнөтүнө тиешелүү. Жаңы жылдан баштап чет өлкөлүк жарандардын Россияда болуу тартибин жөнгө салуучу федералдык мыйзамдар күчүнө кирет. Бул мыйзамдарга ылайык, эгерде адамда уруксат документтери жок болсо (убактылуу жашоого уруксат, жашап турууга уруксат же эмгек келишими), ал Россияда бүтүн календардык жыл үчүн 90 күндөн ашпаган убакыт болот . Буга чейин Кыргызстандын жарандары Россияга барып, кайра кирип мөөнөтүн "нөлгө түшүрүү" мүмкүн болгон, бирок жаңы жылдан баштап бул практика токтотулат.

– Жакында Эмгек министрлиги Россияда жүргөн, мыйзам бузууга барган жарандардын тизмеси тууралуу маалымат таратып, алар “кара тизмеге” кирип калышы мүмкүн деген маалымат жарыялады. Ушул боюнча комментарий берсеңиз?

1-октябрга карата кара тизмеде Кыргызстандын 76 миң 974 жараны бар. Алар буга чейин ар кандай себептерден улам Россияга кирүүгө тыюу салынгандар. Сиз айткан тизмеге келсек, министрлик укук коргоо органдарынан "тобокелдик зонасында" жүргөн жарандарга тиешелүү маалыматтарды алган. Бул тизмеде Россиянын аймагында жүрүп административдик укук бузган 71 миң 949 адам бар. Эгерде кылмыштын оордугу жаранга өзүнүн Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берсе, ал бул укугун пайдалана алат. Ушуга байланыштуу, биздин жарандар Россия жана анын чегинен тышкары да, бардык каалоочулар тизме менен migrant.kg сайтында таанышса болот.

Ошондой эле 2025-жылдын 5-февралынан баштап Россияда мыйзамдуу негиздери жок жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн "чыгаруу режимин" киргизген федералдык мыйзам күчүнө кирерин эскертип кетким келет. Бул режим колдонулган учурда мындай жарандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет. Бул реестрге кирген жарандарда чектөөлөр киргизилет, алар - транспорт каражаттарын башкара алышпайт, айдоочулук күбөлүктөрдү алууда, кыймылсыз мүлк алууда, никеге турууда чектөө каралган. Ошондой эле акча которо алышпайт жана башка чектөөлөр.

Эмгек министрлиги Россиянын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу кандай чараларды көрүп жатат?

- Эмгек министрлиги бул багытта жигердүү иш алып барууда. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери, социалдык педагогдор жана райондук билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди жана окутуучу семинарларды кошкондо, жарандарды барууга даярдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте министрлик тарабынан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучулары үчүн модуль иштелип чыккан. Ал окуучуларга миграция мыйзамдары, мыйзамсыз миграциянын мүмкүн болгон тобокелдиктери жана кесепеттери, чет өлкөдө болуунун негизги эрежелери жана кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо маселелери жөнүндө билүүгө жардам берет. Биринчи иш-чара 11-12-ноябрь күндөрү Ош шаарында өттү. Жылдын аягына чейин республиканын түндүк региондору үчүн масштабдуу иш-чара өткөрүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн ишин белгилей кетүү керек. Ал биздин жарандардын арасында жеке кабыл алуу, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет, ошондой эле Россиядагы мекендештердин диаспоралык жана коомдук уюмдары менен өз ара иш алып барат.

Ошондой эле Россияга кетүүгө камынган жарандар министрликтин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунан керектүү маалыматтарды ала алышат.

– Жакында эле министр Жылдыз Полотованын Россияга болгон сапарында Кыргызстандагы көп функционалдуу Миграциялык борбордун өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды, ушуга токтоло кетсеңиз?

Бизде көп функционалдуу миграциялык борбор ("Сахарово") менен келишим бар, ал Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Биз дагы буга кызыкдарбыз, анткени бул биздин жарандарга өлкөдөн чыгар алдында зарыл процедуралардан өтүүгө жана мыйзамдуу түрдө Россиянын аймагында болууга жардам берет.

Россияга негизги миграциялык агым республиканын түштүк аймактарынан келгендиктен, Ош шаарында өкүлчүлүк ачуу чечими кабыл алынды. Учурда Россия тарап жана Ош мэриясы менен сүйлөшүү процесси жүрүүдө.

Министрлик миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары ар бир өлкө өзүнүн миграциялык саясатын өз алдынча аныктоого укуктуу деген позицияны карманып келүүдө . Белгилей кетчү нерсе, эгерде Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагында болгон учурда жергиликтүү мыйзамдарды сактоо менен, алардын келиши көйгөй жаратпашы керек. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын соңунда Москвада ведомстволор аралык кыргыз-россиялык жумушчу топтун 17-отурумунун алкагында жолугушуу болуп өттү. Биз тараптан министр Жылдыз Полотова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия тарапка россиялык миграциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекет катары статусун эске алуу керектигин, бул бирикменин башка катышуучулары менен бирдей укуктарга ээ экендиги тууралуу биздин позициябыз сунушталды. Ошондой эле 2024-жылдын 3-декабрында Москвада ЕАЭБдин миграциялык саясат боюнча комитетинин отуруму болорун, анда бул маселелер талкууланарын жарандарыбызга маалымдайбыз.

Ошону менен бирге, министрликтин атынан Россиянын аймагында жүргөн же кетүүнү пландап жаткан жарандарыбызга мүмкүн болгон кыйынчылыктардан жана терс кесепеттерден качуу үчүн бардык талап кылынган документтерди шайкеш келтирүү зарылдыгы жөнүндө эскертип кетким келет.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий