Россияда Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Россиянын Сызрань шаарында кечээ, 15-сентябрь күнү Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаа “Mitsubishi” жана “Opel” үлгүсүндөгү эки унаа менен кагылышкан.

Россиялык ММКлар кабарлашкандай, кырсыктан “Opel” үнаасынын 50 жаштагы жүргүнчүсү жабыркаган. Унаа болсо талкаланган. Ал эми “Mitsubishi” унаасы кагылышуудан кийин жол тосмосун сүзүп алган.

Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий