Россияда кыргызстандык мигранттардын 17,6 млн рубль эмгек акысы төлөнүп берилди

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Россияда кыргызстандык мигранттардын 17,6 млн рубль эмгек акысы кайтарып берилди. Буга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көмөктөшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2024-жылдын төрт айында 451 кыргызстандык Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акыларын кайтарып алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 млн 660 миң 200 рублди түзөт.

Өкүлчүлүк эмгек келишиминин жоктугу кызматкердин эмгек укуктарын, анын ичинде эмгек акы алуу укугун коргоодо олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн экенин эскертет.

Маалымат үчүн: Эмгек акы төлөнбөгөн учурда, өндүрүштүк травмадан улам ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башка компенсациялар үчүн Россияда жүргөн кыргызстандыктар Эмгек министрлигинин Москва шаары боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылса болот. Дареги: Москва ш, Малая Поляна көч, 7 үй, 5 - корпус, тел.: 8 495 197 76 71; +7 925 030 26 27 (whatsapp).

Пикир

Оставить комментарий