• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Россияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынын кесепетинен көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Россияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынын кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда саат 21:00дө Россиянын Бугра шаарында жол кырсыгы катталып, "Субару Форестер" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, белгиленген жерден жолду өтүп бара жаткан Кыргызстандын эки жаранын сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу жаран каза болуп, экинчи жабыркаган З.Б. райондук ооруканалардын бирине жеткирилген, анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Аталган жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

ТИМден белгилешкендей, Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий