Россияда поезд кырсыкка учурап, кеминде 3 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Россиянын түндүк-батышындагы Коми Республикасынын Инта шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетип, кеминде үч адам каза болду. Дагы 70тей киши жараат алды.

Еuronews маалымдагандай, кырсыкта жаракат алган 14 адам Интадагы ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор деп бааланууда.

232 жүргүнчүсү бар 14 вагондон турган поезд Воркутадан Новороссийскти көздөй бара жаткан.

Рельстин чыгып кетүүсүнө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам темир жолдун айрым бөлүктөрүнүн жуулуп кеткендиги себеп болгондугу болжолдонууда.

Ал арада Батыш аймактар аралык транспорттук тергөө башкармалыгы кырсыктан эки адам каза болгонун тастыктады. Кийинчерээк дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Кырсыктан кийин Интада эки убактылуу жайгаштыруу борбору ачылды: бири мейманканада, экинчиси мектептин базасында.

Түндүк темир жолунун Инта-1-Угольный участогунда кесепеттерди жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий