• 87
  • 90.41
  • 0.84

Россияда «Спутник Лайт» менен кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөгө уруксат берилди

Дүйнө 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 22-мартында «Спутник Лайт» вакцинасы менен кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу маалымат Россиянын Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестринде жайгаштырылган.

Медициналык нускаманын «Каршы көрсөтмөлөр» бөлүгүндө кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили алынып салынган. Кош бойлууларды 21-жумадан баштап эмдөөгө болот. Эмдөөдөн өтүүнүн алдында ушул вакцинага карата бардык тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды баалоо үчүн сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешүү кажет.

«Спутник Лайт» — COVID-19ду алдын алуу үчүн вектордук вакцина. Вакцина 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы адамдар үчүн колдонулат. «Спутник Лайттын» натыйжалуулугу 79,4% (эмдөөдөн 28 күндөн кийин).

Пикир

Оставить комментарий