Россиядагы кыргыз мигранттарынын 33 млн рубль эмгек акысын алууга жардам берилди

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөк көрсөттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 млн рублди түзгөн. Өкүлчүлүк дагы беш кыргызстандыкка өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 млн рубль өндүрүп берүүгө жардам берди.

"Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо үчүн өкүлчүлүктүн кызматкерлери 21 соттук отурумга катышып, Москва шаарындагы полиция бөлүмдөрүнө, медициналык мекемелерге жана мамлекеттик органдарга 72 жолу барышкан", - деп айтылат маалыматта.

4 миңден ашык кыргызстандыктар миграциялык мыйзамдар маселелери боюнча жеке кабыл алуу жана телефон аркылуу кеңештерди алышты.

Мындан сырткары, атАта-энесинин камкордугусуз калган 6 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарып алууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган Кыргызстандын 4 жаранына жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий