• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Россиядан келген медиктер аймактардагы ооруканаларга бөлүштүрүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө учуп келген медиктер аймактардагы ооруканаларга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө медкызматкерлерден турган бир топ Ак-Талаа районуна, бир топ Ак-Суу районуна, бир топ Токмок аймактык ооруканасына, 2 топ Ош жана Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

"Россиялык адистер Кыргызстанда бир айга жакын жүрүшү күтүлүүдө. Бул аралыкта алар COVID-19 менен ооругандарга жардам көрсөтүп, кызыл аймакта бейтаптарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Россиядан хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, жугуштуу оорулар боюнча адис, пульмонолог жана коронавирус инфекциясын дарылоодо чоң тажрыйбасы бар 50 адистен турган 5 топ Кыргызстанга учуп келген.

Пикир

Оставить комментарий