• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Россиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 тонна каймак артка кайтарылды

Экономика 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткан 1 тонна каймак аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү жүргүзгөндө каймактын ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий