• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Россиялык спортчулар Ысык-Көлдө машыгууда

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Россиялык спортчулар Ысык-Көлдө машыгууларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Россиянын спортчулары Ысык-Көлдүн жээгинде машыгууларын өткөргөн мезгил кайра келди. Бокс мектебинин 13 тарбиялануучусу аталган аймакта машыгууларын жүргүзүп жатат”, - деп жазылат Ассоциациянын маалыматында.

Делегациянын башкы машыктыруучусу Юрий Майоровдун айтымында, алар Ысык-Көлдү кокусунан тандаган эмес. Бул жактан балдар эс алып эле тим болбостон, жергиликтүү балдар менен таймашып, тажрыйба алмашуулар болот. “Биз спортчулардын жакшы даярдыктан өтүшүнө кызыкдарбыз. Ошол эле учурда алардын эс алуусуна дагы шарт түзүүбүз абзел. Ушуга байланыштуу Ысык-Көлдү тандап алдык”, - дейт Майоров.

Спортчуларга дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону Орзубек Назаров мастер-класс өттү.

Аталган машыгууларга демөөрчүлүк кылган “Консоль” компаниясынын башкы директору, Сахалин облусундагы бокс федерациясынын мурдагы президенти Владимир Трофимов биздин мекендешибиз. Ал өз кезегинде мурда Кыргызстанда жашап кеткенин эстеп, Кыргызстандын аба ырайы, табигый азыктары менин жүрөгүмдө сакталып калган деди. “Андыктан машыгууларды каякта өткөрүү керек деген суроо жаралганда мен бир гана Ысык-Көлдү элестеттим”,-дейт Владимир Трофимов.

Пикир

Оставить комментарий