• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Россиянын үч шаарында КР жарандары үчүн консулдук кызматтар көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. 7-апрелден 9-апрелге чейин Россиянын Ростов-на-Дону, Краснодар жана Сочи шаарларында Кыргызстандын дилпоматтары мекендештерге жеринде консулдук кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Көчмө консулдук кызматынын алкагында кыргызстандыктар КРID/жарандык паспортун, КР айдоочулук күбөлүгүн жана башка документтерди алуу үчүн документтерди тапшыра алат.

Жарандарды кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча ишке ашырылат:

  • 7-апрелде Ростов-на-Дону шаары Атлантическая, көчөсү 2.
  • 8-апрелде Краснодар шаары Красных партизан, көчөсү 34, 4-кабат.
  • 9-апрелде Сочи шаары Киров көчөсү 46.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерден аталган шаарларда жашаган жакындарына жана туугандарына жогоруда пландалган көчмө консулдук кызмат тууралуу маалымдап коюусун өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий