Россиянын Федералдык Жыйынынын делегациясы Бишкектеги Өчпөс отко гүлчамбар койду

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бүгүн Россиянын Федералдык Жыйынынын делегациясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду.

Парламенттен билдиришкендей, Россиянын Мамлекеттик Думасынын Экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Кобылкин жетектеген делегация 26-апрелде боло турган КР Жогорку Кеңеши менен РФ Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын онунчу жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Ошондой эле иш сапардын алкагында эки өлкөнүн парламентарийлеринин бир катар жолугушуулары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий