• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Россиянын коргоо министри расмий иш сапары менен Өзбекстанда жүрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 22.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов күн мурун расмий иш сапары менен Ташкентке келди.

Сапардын негизги максаты Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту чыңдоо маселелерин, ошондой эле Россия менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо болуп саналат.

Сапардын алкагында Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы менен Өзбекстанлын коргоо министри Шухрат Халмухамедовдун ортосунда сүйлөшүүлөр болот.

Мындан тышкары, Андрей Белоусов Өзбекстандын аскердик-саясий жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий