Бишкек, 09.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Быйыл Россиянын миграциялык мыйзамдарына киргизилген жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу “Биринчи радиоунун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жанга миграция министрлгининин Диаспора жана мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каримов билдирди.
Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койгон.
“Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Россиядагы мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Мындан улам бир нече мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, күчүнө кирди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Россияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Россияда тиешелүү уруксат документтери – убактылуу же туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. 5-февралда Россияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Россиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Россиядан депортациялоого укуктуу болот”, - деди ал.
Мындан сырткары ал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь айынын тарта Кылмыш кодексине да бир нече өзгөртүүлөр киргизилген.
“Бул жанагы ортомчулардын мыйзамсыз документ жазаганы тууралуу кеп. Атайын ошолор үчүн Кылмыш кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Эгерде кандайдыр бир уюмдун мыйзамсыз документтерди жасап бергени аныкталган болсо, ошол жаран 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындан сырткары, жарандын болгон мүлкүн алып коюу мыйзамы дагы кирди”, - деди ал.
Каримов кошумчалагандай, жыл соңунда Россияда орус тилин билбеген мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт деген чектөөнү камтыган мыйзам долбоорун Россиянын Мамлекеттик Думасы бекитти.
Мыйзамга ылайык, мындан ары мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда алгач алардын Россияда мыйзамдуу жашаганы текшерилет. Эгерде документтери жайында болсо, анда баладан орус тилинен тест алынат. Тесттен өткөндөргө гана орус мектептеринде билим алууга уруксат берилет.
Пикир
Оставить комментарий