• 87
  • 90.63
  • 0.79

Россиянын ЖОЖдорунда акысыз окууга документтерди кабыл алуу уланууда

Билим 0

Бишкек, 04.01.25. /Кабар/. Россотрудничество 2025/26-окуу жылында Россия өкмөтүнүн квоталарына ылайык, Россия Федерациясынын университеттерине бекер окууга документтерди кабыл алууну улантууда.

Министрликтен билдиришкендей, жаңы окуу жылында Кыргызстанга Россия өкмөтүнөн 700 квота бөлүнүп, ал Россиянын ЖОЖдорунда бюджеттик орундарга, башкача айтканда студенттер үчүн бекер орундарга окууга мүмкүнчүлүк берет. Документтерди кабыл алуу дээрлик бардык жарандык адистиктер боюнча жүрүп жатат.

Квота Россиянын бюджетинин эсебинен бекер билим алуу, жатакана жана стипендияны камтыйт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бакалавр даражасы жана адистик даражасы. Ал эми, 4—5-курсту аяктагандар учун — магистратура, аспирантура жана ординатурага кабыл алуу уланууда.

Жогорку билими барлар кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча квалификациясын жогорулата алышат.

Квота менен кабыл алуунун эң маанилүү артыкчылыктарынын бири – Кыргызстандын аймагынан чыкпай эле Россиянын ЖОЖуна тапшыруу мүмкүнчүлүгү.

Документтерди жана кирүү сынактарын тапшыруу https://education-in-russia.com/ сайтында онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Ошондой эле талапкер бир эле учурда кызыккан бир адистик боюнча алты университетке тапшыра алат.

Белгилей кетсек, арыздар 2025-жылдын 15-январына чейин кабыл алынат.

Учурда мектептин 11-классында окуп жаткандар үчүн арыз тапшырууда аттестатты тиркөөнүн кажети жок.

Мектептердин, колледждердин жана университеттердин дипломдору да ушундай. Аспирантурада окугандар үчүн да диплом тиркелбейт. Ал жайында жеткиликтүү болот. Болгону баа коюлган китепченин сканерин жөнөтүү жетиштүү.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандар 2025-жылдын 15-январына чейин https://education-in-russia.com сайтына катталып, окуу тармагын жана адистигин тандап, керектүү документтерди жүктөп, арыз тапшырышы керек. Бул сайттан билим берүү мекемелери, билим берүү программалары жана шаарлар тууралуу толук маалыматты тапса болот.

Кыргызстандын резиденттерин Россиянын ЖОЖдоруна кабыл алуу боюнча кошумча маалыматты Бишкектеги Россия үйүнүн окуу бөлүмүнүн сайтынан тапса болот. (https://uchebarf.kg/)

Бул жерден айрым университеттер жана алардын программалары, бүтүрүүчүлөрдүн окуялары менен таанышып, көп берилүүчү суроолорго жоопторду тапса болот.

Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги Россия үйүндө (Бишкек, Эркиндик бульвары, 2/1) ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16.00дөн баштап консультацияларды өткөрөт. Офлайн консультацияларга кирүү акысыз, катталуу талап кылынбайт. Ошондой эле онлайн консультацияга катыша аласыз.

Бардык суроолор боюнча Россия үйүнүн ишеним телефонуна +996 (312) 300543 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий