• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Айыл чарбасын каржылоо - 10”. "РСК банк" 1,3 млрд сом насыя берди

Экономика 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча мурда бөлүнгөн 1,8 млрд сомдун ичинен "РСК банк" ААК тарабынан республика боюнча жалпысынан 1 млрд 337 млн ​​869 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган банктын төрагасынын орун басары Акылбек Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, мал чарбачылыгына - 843 млн 569 миң сомго 1 821, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө - 409 млн 600 миң сомго 1 037 насыя, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча - 84 млн 700 миң сомго 26 насыя берилген.

Ошентип, жалпы 1 млрд 337 млн 869 миң сомго 2 884 насыя берилген.

"Облустар боюнча алганда Чүй облусунда - 459, Ысык-Көл облусунда - 422, Нарын облусунда - 357, Талас облусунда - 216, Ош облусунда - 582, Жалал-Абад облусунда - 621, Баткен облуда - 211 насыя берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий