• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

"Рух-Ордо" туристтик борборуна кирүү акысы төмөндөтүлдү – Аскат Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. "Рух-Ордо" туристтик борборуна кирүү акысы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, "Рух ордого" кирүү үчүн ар дайым киши башына акча алынып келген, ал жакка мындан 3-4 жыл мурун баргандар жакшы билишет.

"Анда туристтик борборду жеке жактар иштетип келишкен. Кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин аны 500 сомго чыгарышкан. Жана бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган. Азыр "Рух ордо" мамлекеттин карамагына өтүп, документтештирүү жана башка жол-жоболору бүткөрүлүп, быйыл туристтерди жаңыдан кабыл ала баштаган. Көп өтпөй "Рух ордого" кирүү акысына (500 сомго) нааразычылыктарын билдирип чыккандар болду", - деди ал.

Алагөзов белгилегендей, мындан улам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий азыктануусуна жеткиликтүү шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү.

"Акысыз эле кылып койсо болбойт беле" деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу обьектилерди бапестеп карап турууга, чеке-белин көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек", - деп жазды президенттин катчысы.

Пикир

Оставить комментарий