• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Рулду башкара албай... Чүй облусунда жол кырсыгынан 2 жаш бала каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кечээ, 10-сентябрда Чүй облусунун Орто-Сай айылында унаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан 2 жаш бала каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Орто-Суу айылында саат 12:25де "Ниссан-Сефиро" унаасынын айдоочусу рулду башкар албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 16 жаштагы К.Т., жана 7 жаштагы А.А., аттуу эки улан каза болгон. Ошондой эле, 17 жаштагы А. уулу А., аттуу жигит жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий