• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Руслан Казакбаев Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер мекемелеринин жумушчу кеңешмесине катышты жана булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Аль-Хажраф менен жолугушту.

Жолугушууга Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни да катышты. Ал өлкөнүн атынан учурда бул кеңешке төрагалык кылууда.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, туризм жана инвестициялык чөйрөлөрдө аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

"Борбордук Азия – Булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык кеңеши" форматындагы жаңы диалог аянтчасын түзүү демилгеси да каралып, талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий