• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 21.12.21./Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси доктор Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Руслан Казакбаев менен Германиянын элчиси Габриэла Геллил 2021-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыгын чыгарышты. Кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасы белгиленип, 2022-жылга карата иш пландар талкууланды.

Германиянын жаңы Федералдык өкмөтү тууралуу айтып жатып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-германия кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө максатында Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербок менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Дипломаттар 2022-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын графигин, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Тараптар ошондой эле жашыл экономика, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил Германиянын элчилиги Кыргызстанда демократияны, күчтүү жана ачык жарандык коомду өнүктүрүү боюнча аракеттерди жогору баалай турганын жана эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү кызматташууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий