• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүйүн Өмүрзаков Түркия элчисинин ички иштер жана коопсуздук боюнча кеңешчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда КР ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин Ички иштер жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Мустафа Ырмактын эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, бул жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин биринчи кеңешчиси Йекта Камил Ноян жана КР Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Элмира Исакова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сүйүн Өмүрзаков белгилегендей кызматташуунун келечектүү багыты болуп практикалык тажрыйба алмашуу жана Ички иштер министрлигин реформалоо, эл аралык терроризмге каршы күрөш, экстремизмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу болуп эсептелет.

«Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлигинин ортосунда достук мамилелер өнүгүп, өркүндөтүлүп келет. Биз Түркия тарабынан көрсөтүлгөн эбегейсиз моралдык жана материалдык-техникалык колдоону жогору баалайбыз”, - деп белгиледи министрдин биринчи орун басары С.Өмүрзаков.

Өз кезегинде Мустафа Ырмак КР Ички иштер министринин биринчи орун басарына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда Сүйүн Өмүрзаков достук мамилелер эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдап, өнүктүрөөгө ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий