• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сүйүнбек Касмамбетов ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына улуттук идеология боюнча лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 04.03.24./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына “Улуттук идеология жана жаштар” деген темада лекция өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Онлайн форматында өткөн лекцияда Мамлекеттик катчы угуучуларга кыргыз элинин тарыхый мурасы, салт-санаасы, үрп-адаттары, ошондой эле философиясы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаштар үчүн бул баалуулуктарды түшүнүү жана урматтоо маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекеттик катчы студенттерди жана магистранттарды өз элинин маданий мурастарын активдүү изилдөөгө үндөдү.

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Ботоноев билим берүү тармагына жана илимий чөйрөгө кошкон баалуу салымы үчүн Сүйүнбек Касмамбетовго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын айтышты. Мындан аркы кызматташууга ишенимин билдиришип, анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий