• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Сүйүнбек Касмамбетов "ПисНексус" фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-сентябрда швейцариялык “ПисНексус” фондунун башкаруучулар кеңешинин төрагасы, элчи, ЕККУнун мурунку катчысы Томас Гремингер, фонддун аткаруучу директору Катриона Гурлей жана Борбордук Азия боюнча менеджери Чынара Эсенгул менен жолугушту.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушуу учурунда КР президентинин жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргызстанда “Кыргыз жараны” жарандык иденттикти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга өнөктөш болгон “ПисНексус” фондуна терең ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик катчы “Кыргыз жараны” концепциясы Кыргызстандагы түрдүү этносторду бириктирип, элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоого багытталганын белгиледи. Мындан сырткары, бул концепция өлкөдөгү этностордун тилин жана маданиятын сактоо, аларды өнүктүрүү жаатындагы өзөктүү документтердин бири болуп саналат.

Өз кезегинде Томас Гремингер Кыргызстанда азыркы ишке ашырылып жаткан “Кыргыз жараны” концепциясы башка жакынкы, жадагалса алыскы мамлекеттерге үлгү болуучу бирден бир модель экендигин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун үзүрлүү болгонуна кененирээк токтолуп, ушул багытта дагы да өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын 13-ноябрында КР президентинин жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий