Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Сүлүктү шаарынын Белес капчыгайында “Белес резорт” эс алуу борбору элге кызмат көрсөтүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, быйыл Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2 млн 872,5 миӊ сом бөлүнүп, аталган эс алуу борборундагы эки орундуу 3 бөлмөдөн турган 2 имарат капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бөлмөлөр тийиштүү эмеректер, тиричилик техникалар менен камсыздалган. 1 жаӊы бассейн курулуп, ишке берилди.
“Белес резорт” туристтик эс алуу борбору аскалары бийик тоо койнунан орун алып, туристтерди тартууга ылайыкташтырылган.
Пикир
Оставить комментарий