• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери сууга чөгүүлөрдүн алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери сууга чөгүүлөрдүн алдын алууда. Бул тууралуу Баткне облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, бассейиндерде жаш өспүрүмдөр өз алдынча сууга чөмүлүп, ошондой эле кооптуу жерлерде жарандардын сууга түшүүдө этият болуусун эскертүүдө.

Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге бассейин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ошондой эле кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөрдү чыгарып илип, кооптуу суулардын боюнда жашаган үй-бүлөлөгө эскертүү актыларын берүүдө. Сүлүктү шаарында жарандар эс алуучу бир бассейин бар.

Пикир

Оставить комментарий