• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

СӨМ: Интернетте кыргыз жарандыгын алууга көмөк көрсөтүүнү убадалаган шек жараткан жарнактарга ишенбегиле

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулованын россиялык Avito.ru интернет-сервисинде Кыргызстандын жарандыгын "ачкыч" деп сатуу жөнүндө арызы чындыкка дал келбейт жана КР Санариптик өнүгүү министрлигинин (СӨМ) аброюна шек келтирет. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары кыргыз жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө функциясын аткарарын түшүндүрүү зарыл деп эсептейт.

Билдирүүдө айтылгандай, санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында министрлик республиканын укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта, анын ичинде калкты каттоо тутумундагы мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча жарандардан КРнын жарандыгын алуу жөнүндө өтүнүч каттарынын материалдарын кылдат текшерүүнү жүргүзөт.

Министрлик өтүнгөн адамдын жеке катышуусуз КРнын паспорту менен документтештирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган заманбап санариптик технологияларды ишке киргизген.

"Мындан тышкары, паспорттоштурууда милдеттүү талап болуп өтүнүч менен кайрылган адамдын кыргыз жарандыгын алууга анын инсандыгын идентификациялоонун белгиленген жол-жобосунан өтүшү, башкача айтканда дактилоскопия, биометрикалык маалыматтарын тандап алуу жана арыз ээсинин өзүн фото-фиксациялоо эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги дагы бир жолу интернет-ресурстарында кыргыз жарандыгын алууга көмөк көрсөтүүнү убада кылган шек жараткан жарнактарга ишенбөөгө жана өлкөнүн мамлекеттик органдарын негизсиз айыптоодон алыс болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий