СӨМ: Кыргызстандын мамлекеттик маалымат системалары хакердик чабуулга кабылган жок

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги акыркы учурда анын карамагындагы мамлекеттик маалымат системалары хакердик чабуулга кабылбаганын билдирет.

Ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, министрликтин маалыматтык активдери бузулуулардан жана санкциясыз кирүүдөн корголгон.

"2024-жылдын 22-майында Team Insane Pakistan хакердик тобу жарыялаган Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтары Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылы интернетке ачык жарыяланган салык төлөөчүлөрдүн маалыматтарына окшош", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий