Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан өсүмдүк майынын жана кумшекердин дүң-өткөрүү баасына максимумдук чекене үстөк белгиленди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мамагенттиктин 2021-жылдын 25-майындагы №16 буйругу менен өсүмдүк күн карама майынын жана кумшекердин дүң-өткөрүү баасына максимумдук чекене үстөгү белгиленди:
№ |
Товардын аталышы |
максимумдук чекене үстөк, % |
|
Өсүмдүк күн карама майы: |
|
Бишкек шаары Чүй облусу Ысык-Көл облусу Талас облусу Нарын облусу |
10% жогору эмес |
|
Ош шаары Ош облусу Жалал-Абад облусу Баткен облусу |
13% жогору эмес |
|
2. |
Кумшекер: |
|
|
Бишкек шаары Чүй облусу Ысык-Көл облусу Талас облусу Нарын облусу |
10% жогору эмес |
|
Ош шаары Ош облусу Жалал-Абад облусу Баткен облусу |
13% жогору эмес |
Пикир
Оставить комментарий