• 87
  • 91.29
  • 0.84

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу департаментине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кубанычбеков Турсунбек Тугелбаевич Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Турсунбек Кубанычбеков Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясы жана КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясын аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүндө Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Жерге жайгаштыруу, жер кадастры, геодезия, картография, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо башкармалыгы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Жер ресурстары кызматында директордун орун басары жана министрдин кеңешчиси болуп эмгектенген. МЖКнын 1-класстагы кеңешчиси.

Пикир

Оставить комментарий