• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сүрөт музейинде Төлөмүш Океевге арналган фотокөргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде кинорежиссер Төлөмүш Океевге арналган фотокөргөзмө өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Өткөн замандын элестери" деп аталган көргөзмөнүн ачылышы 19-апрелде саат 15:00дө болот. Ал 5-майда аяктайт.

Анда режиссердун жаш кезинде тарткан сүрөттөрү, кино тартуу учурундагы жана башка сүрөттөр коюлат.

Белгилей кетсек, Төлөмүш Океев – СССРдин Эл артисти, атактуу режиссер. Ал "Ак илбирстин тукуму", "Кызыл алма", "Уркуя", "Бакайдын жайыты" ж.б. тасмаларды тарткан.

Пикир

Оставить комментарий