• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Сүрөтчү Саякбай Каралаевдин портретин айрандын жардамы менен тарткан

Коом 0


Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Сүрөтчү Толгобек Койчуманов манасчы Саякбай каралаевдин портретин өзгөчө ыкма менен тарткан.

Ал “Кабар” агенттигине билдиргендей, Саякбайдын портретин айрандын жардамы менен тарткан. Эмне үчүн өзүңүздүн картинаңыз үчүн материал катары улуттук суусундукту тандап алдыңыз деген суроого сүрөтчү кыргыз элинде ак дайыма ыйык, таза, өзгөчө бир маанини берип келгенин айтсак болот деп белгиледи. “Саякбай Каралаев – жыйырманчы кылымдын Гомери, ошондуктан аны кандайдыр бир өзгөчө ыкма менен тартууну туура көрдүм”,-деген сүрөтчү.

Сүрөттүн автору ачып кетпеши үчүн айранга ак боёк кошконун белгиледи.

Ал сүрөттү тартуу иши бүткөндөн кийин аны Саякбай фондуна белек кылган.

Пикир

Оставить комментарий