Сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышта болушу керек — саясат таануучу

Маек 0


Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Сөз эркиндиги Кыргызстанда ар бир жарандын укугу. Ал укуктан пайдалануу же пайдаланбай коюунун өзү да укук болуп эсептелет. Эгер укугуңдан пайдалансаң жоопкерчилик милдетин кошо аласың. Мындай пикири саясат таануучу Алмазбек Акматалиев билдирди.

Анын айтуусунда, интернеттин заманында сөз эркиндигин таптакыр тыйып салуу деген мүмкүн эмес.

“Бирок, такталбаган далилдерди колдонуу менен маалымат таратуу, бирөөнүн атына жала жабуу туура эмес. Мындайга мыйзам да жол бербейт. Адеп-ахлак жагынан алып караганда да мындай жолго баруунун өзү туура эмес кадам. Ар бир адамда жоопкерчилик болушу керек. Кесипкөй журналист болобу же катардагы жаранбы айырмасы жок”, - деди саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий