Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.
“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.
Азыткы – 1. Азгыруучу, азгырып башка жолго буруп кетүүчү. Арада шайтан азыткы, айнытып бизди кетер дейм (Тоголок Молдо). Кетериңде дүнүйө, азыткыдай алдайсың (Токтогул Сатылганов). 2. Азгырып кетме, азгырма. Азыткы жолго түшпө, балам ("Ала-Тоо" журналы). Албарсты болсо айдайын, азыткы болсо жайлайын ("Эл адабияты").
Акылда – 1. Шашкандан, корккондон же катуу сүйүнгөндөн ж.б. жүрөк лакылдап согуп, кан тамырлары катуу кагып дем алалбай аптыгып калган абал. Канчалык баатыр болсо да, акылдайт жүрөк акылдайт (Касымалы Жантөшев). 2. Бир нерсеге катуу умтулуу, катуу каалап, самап, эңсөө. Акылдабай тынгын да, адал эмгек кылгын да (Райкан Шүкүрбеков). 3. Кээде алкылда маанисинде да учурайт.
Балбыра – 1. Чың эмес, бош, шалкайыңкы же балкыган, шайманы кеткен алсыраган абалда, көрүнүштө болуу. Боюм балкып, балбырады бар денем (Мукай Элебаев). Бала элтең этип чочугансып, кайра бат эле балбырап таттуу уйкусуна кетти (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Кең, көлтөйгөн кенен шөлбүрөңкү көрүнүштө болуу. Кылымкан балбыраган көк сатин көйнөгүнүн жеңин түрүп, көз жашын сүрттү (Шүкүрбек Бейшеналиев).
Бейбак – 1. Бактысыз, таалайсыз, кешиги жок, шор маңдай. Жамандашпай кайра кел, бейбактарга айта кел ("Сейтек" эпосу). 2. өтмө маанисинде: аялдарга карата бейбак, бейтаалай, долу сыяктуу кемсинтүү, басынтуу, кордоо иретинде колдонулат.
Бөйтөй – бойтойгон кичинекей көрүнүштө болуу, бөрсөйгөн татынакай көрүнүштө болуу. Сатар бөйтөйгөн кичинекей оозун ачып, тиштерин жаркыратып турду (Шүкүрбек Бейшеналиев).
Далдыра – 1. Айрылып, тытылып же чоң кенендигинен салбырап туруу, эби-сыны жок, тыкан эмес көрүнүштө болуу. Жеңи далдырап, чарчаңкы кебетеси күлкүлүү көрүнсө да балдарды күлдүрө сүйлөйт (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Тыкан эмес жыйнаксыз көрүнүштө болуу, далдыроо. Түрмөдө жүрдүң алдырап, тууганга жетпей далдырап (Токтогул Сатылганов).
Дилбар – 1. Жүрөктү ойноткон, көңүлдү элжиреткен. 2. Ашык, сүйгөн. Дилбарым жалгыз келсин де, ай тууганга келсин де ("Эл адабияты"). 3. Жагымдуу, ак көңүл, сүйүктүү. Дилбарым, кайра өзүңдүн кат күтөмүн (Темиркул Үмөталиев).
Жайка – 1. Жөнгө салуу, ыраазы кылуу, жоошутуу, жайгаруу. Акылы менен жайкаган, алты айлык азапты ("Манас" эпосу). 2. Акырын кыймылдатуу, теңселтүү, ыргоо. Буркурап согуп күзгү жел, буудайдын башын жайкаган (Жапаркул Алыбаев).
Жипкир – кандайдыр бир жаман жыттан, кир, булганыч көрүнүштөн, жагымсыз даамдан ж.б. көңүлү айнуу, кускусу, окшугусу келе түшүү, жийиркенүү. Даамы жаман экен, жүрөгүм жипкире түштү. Ботом береги эттин жытынан жүрөгү жипкирип жатпайбы ("Ала-Тоо" журналы). Чийки май жегендей жипкире түштү (Айткулу Убукеев).
Иңир – күүгүм кирип калган мезгил, күн баткандан кийинки караңгы тарта баштаган мезгил. Иңир кирип, жер бетин караңгылык каптады (Мамасалы Абдукаримов). Күндө эрте кетип, иңирде кайтабыз (Мукай Элебаев).
Кайпакта – 1. Ар кайсыны бир кармап карбаластай берүү, шаштысы кетип күйпөлүү. Кемпир кайпактап, идиш-аягын кармалап, шаштысы кеткен өңдөндү (Зияш Бектенов) 2. Батына албай тайсалдоо. Кайпактабай түз айт.
Шаштысы кетүү – эмне кыларын билбей алдастай түшүү, шашып калдастоо, апкаарып калуу. Колундагы таягы менен жерди сайгылап, камалып калгансып шаштысы кетет (Кеңеш Жусупов). Район, облустан келген инструкторлорго суроолор берип, алардын шаштысын кетирген күндөрү да болот (Касымалы Баялинов).
Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.
Пикир
Оставить комментарий