• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Сөз куржуну: чеге, ултар, ноо, көкөнө, коомай сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги эл оозунда айтылып, кээ бир китептерде учураган, бирок маани-маңызы баарына эле түшүнүктүү боло бербеген сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Чеге – 1. Өтүктүн таманына, ээрге жана башкаларга урулуучу кичинекей майда мык. Босогонун сыртына, болоттон чеге кактырган (“Манас” эпосу). Ширинин ордуна жаркыраган күмүш чегелер менен бекемделген (“Ала-Тоо” журналы). 2. өтмө мааниде: тирек, таяныч, мыкты. Чегеси элең жеримдин, кадоосу элең калкымдын (“Манас” эпосу).

Ултар – 1. Өтүк тигүү, жалпы эле бут кийим тигүү. Кадырбайдын бутунда туюк ултарган бийик такалуу, оймолонгон кызыл соору өтүк (Касымалы Жантөшев). 2. Бут кийимдин тигиши. Оң буттагысынын ултары сөгүлдү.

Төөлүк – 1. Айырмасы чоң, айырмасы бир кыйла жогору. Менин атым сенин атыңдан төөлүк жогору. (“Ала-Тоо” журналы). 2. Төөгө тете, төөнүн күчүнө барабар. Чаар мингендин өзүндө, миң төөлүк күч бар экен (“Эр Төштүк” дастаны).

Тилмер – 1. Элдик имиш боюнча канаттуулардын тилин билип, аны ажырата алуучу киши. Кушка тилмер саятчы. Ушул кандын тушунда кушка тилмер жан болгон (Молдо Кылыч). 2. Чечен, мыкты сүйлөгөн сөзмөр.

Сабала – 1. Өтө ыкчам, тез жүрүү, өтө тез кыймылдоо. Максүт бир атты минип, бирөөнү коштой сабалап, жар, чаптуу тоону карай уюлгутуп көтөрүлө берди (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Зыпылдап катуу учуу. Сары жибек боосун көтөрүп, сабалап учкан туйгундай (Жоомарт Бөкөнбаев). 3. Тынымсыз катуу жаап туруу. Мөндүр сабалап турат. Түнү бою брезентти дыбыратып сабалаган жаан уйку бербеди (Шүкүрбек Бейшеналиев).

Өзөлөн – катуу ыйлоо, кошуп өксөп ыйлоо, абдан катуу кайгыруу. Кой эми, Каныбек! Өткөнгө өзөлөнө бербе (Касымалы Жантөшев).

Оорсок- 1. Эмизбей туруп саалуучу. Обу жок катын оорсок уй саайт (макал). Сүттү койчулар чаначка оорсок саап коер эле (Саткын Сасыкбаев). 2. өтмө мааниде: маанисиз, дайны жок. Оорсок сөздү биз сүйлөшүп бүткөнчө, жыйнап бүттү, айланайын, баарысын (Аалы Токомбаев).

Ноо – 1. Карагайды оюп же тактайдан жасалган, көбүнчө суу агызуу үчүн колдонулуучу нерсе, түтүк. Имерилиштин төмөн жагына суу өтүүчү ноо курдук (Түгөлбай Сыдыкбеков). Ноого муз катып, тегирмен чуркабай калган (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Малга жем, суу, туз берилүүчү аштоо.

Мерей – 1. Бала, тукум. Бирок, арт жагымда калган жок, апа – деп, ыйлар мерейим (“Эл адабияты”). 2. Колдоо, үмүт, таянуу. Ажалым жетсе, өлөйүн, бирок арт жагымда калган жок “апа” деп ыйлар мерейим (фольк.)

Кырмызы – 1. Чымкый кызыл. 2. Кызыл жибек. Кырмызыдан бүктөтүп (“Манас” эпосу). Кырмызы бычып тон кылган (“Эр Табылды” дастаны). Кыңырылып карасам, кырмызы чачын беш бөлгөн (“Эл адабияты”).

Көкөнө – 1. Согуштук ураан. Көктү кудай деп түшүнүп, анын атын атап, ага кайрылып согушка кирүү. 2. Оо кудай! Маанисин туюнткан көктөн жардам тилегенде айтылуучу сөз. Көкөнө! – деп, чуркурап (“Манас” эпосу).

Коомай – бошураак, окчунураак. Мен столдун жанындагы орундукка коомай отурдум. Сен бизге кошулбай коомай жүрөйүн деген экенсиң (“Ала-Тоо”). Кексе, карт жорулар коомай кыймылдап, айланасын карап сактанган болушат (Аалы Токомбаев).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий