• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

С.Жээнбеков: Авторитардык режимге жол бербейм

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Алдыдагы шайлоо Кыргызстаныбызды, баарыбызды сынайт. Биз таза шайлоо өткөрүүгө даярбыз. Шайлоочулар ошого даярбы? Бардык талапкерлер ошого даярбы, деп билдирди КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын областынын Ат-Башы районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, мамлекет башкарам деп 13 азамат аттанды, арасында олигархтар, ал турсун шылуундар жүрөт. “Албетте, эл болгон соң бычакка саптуу азаматтар аз эмес. Бирок кимисинин мамлекетти башкарууга тажрыйбасы жетет, кимиси таза, ыймандуу, кимиси бул кызматка чейинки узак жолду басып өттү? - кеп мына ушунда. Мени айрым талапкерлердин президенттик бийликке кайтуу керек деген билдирүүлөрү кабатыр кылат. Кыргызстан эки революция менен, эки президентти кууп чыгаруу менен ал жолдон өттү. Азыр Кыргызстан туура жолдо баратат. Мен президент болуп шайлансам, парламенттик башкарууну дагы бекемдейм! Авторитардык режимге жол бербейм!”, - деп убада берди С.Жээнбеков.

Ал шайлоочуларды куру убадаларга ишенбөөгө, добуш тарын сатпоого жана шайлаардын алдында тигил же бул талапкер буга чейинки убадаларын аткардыбы деп ойлонуп көрүүгө чакырды. “Убадалар көп болот. Алар азыр убада кылып жаткан иштердин көбүн мен унчукпай эле жасап койгом. Бирөөнүн акчасына, бирөөнүн куру убадасына алданбайлы. Балдарыбыздын ырыскысын акчага сатпайлы! Кичине бирдеме жасап койсо, аны тоодой кылып көрсөткөн же асмандагы айды убада кылган популист, артист саясатчыларды карап отуруп, кээде мактана жүрүш керек экендеп да ойлоп кетем. Дээримде нандаймүнөзүм жок олсо айла жок экен, эмне кылалы? Көрсө, мактана да жүрүш керек экен”, деди С.Жээнбеков.

Президент болом дегендердин арасынан айылда, райондо, облуста, чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринде иштеп келген бир гана ал экенин эскертти талапкер. “Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл-чарба министри, губернатор, акыры Премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттүм”, - деген Сооронбай Жээнбеков бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегени ага чоң тажрыйба болгонун жана Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрүп, алардычечүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ат-Башы районундагы жолугушууга 5 миңден ашы кадам катышты. Жолугушууга келген шайлоочулар алдыдагы шайлоодо КР президенттигине Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыктарын билдиришти.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий