• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

С.Жээнбеков финансы-экономика тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын финансы-экономика системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу:

«Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөнүн жана анын жарандарынын экономикалык жана финансылык бакубаттыгы көп жагынан финансы тармагынын ишинин натыйжалуулугуна жараша болот.

Кыргызстандын финансы-экономика рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү, казыналык системасын ийгиликтүү тейлөө Сиздердин ак ниет эмгигеңердин үзүрү болуп саналат.

Кызматкерлердин мындай сапаты келечекте да алдыга коюлган татаал милдеттерди чечкиндүү аткарууга өбөлгө болоруна ишенебиз.

Сиздерге чың ден соолук жана иштеги ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий