• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Саат 8:00дөн баштап үч шаарда 326 шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июль, саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үч шаардагы шайлоого аттанган партиялардан 2 миң 204 талапкер көрсөтүлгөн, 121 талапкер депутаттык мандатын алат. Бишкекте 18, Ошто 8, Токмокто 6 партия катышууда.

Шайназаров шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 3 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий