• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Сабалган жаран: эки шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Токмок шаарында бир жаранды сабаган деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

11-июль күнү болжол менен саат 23:29да Токмок шаарынын милиция бөлүмүнө, аймактык ооруканадан, аларга ур-токмок жеген жаран алынып келди деген кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо ооруканага барышкан.

Белгилүү болгондой, 11-июль күнү болжол менен саат 23:00дө чала тааныш адамдар эч кандай себеби жок эле аны ур-токмокко алган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 139-берене боюнча каттоого алынган.

Аталган окуяга тиешеси бар деп 57 жаштагы М.С. жана 45 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалып, Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертиза белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий