• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Садыр Жапаров иш сапары менен Бакуга келди

Президент 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжандын Баку шаарына иш сапар менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий