• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Президент 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн 2010-жылдагы апрель окуясынын жүрүшүндө каза болгондордун жакындарын жана бул окуянын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысынын атына 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчтөрүн бир нече ирет билдиришкен.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров апрель окуясына тиешеси бар делген бардык уюмдардын өкүлдөрүн чогуу кабыл алды.

Жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өттү.

Жолугушуу жүрүшүндө апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары өздөрүнүн турмуштук-социалдык маселелерин айтып, мамлекет башчысына суроолорун узатышты.

Президент Садыр Жапаров суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууга өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген эки жүздөн ашык киши катышты.

Пикир

Оставить комментарий