• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Садыр Жапаров агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи. Ал экономика секторунун артыкчылык берилген башкы багыттарынын бири болуп саналат.

Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкери катары сиздер азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен айыл чарба азыктарын өндүрүүдө, аларды кайра иштетип, тышкы рынокторго экспортко чыгарууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жан дилиңиздер менен аракеттенип иштеп келатасыздар.

“Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кептегидей, дасторконду нанга толтуруп, элдин камын ойлогон айыл чарба кызматкерлери менен жалпы дыйкан-фермерлерибиздин мээнетинин акыбети кайтууда.

Буга кошумча быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400,0 млрд сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107,0 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди.

Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин.

Урматтуу агроөнөр жай кызматкерлери!

Өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи ирет сиздерден көз каранды. Экономикалык климатты жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги тармакты тейлеген жооптуу кызматкерлер катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аларыңыздарга бекем ишенем.

Биз сиздер менен бирге чечкиндүү иш-аракеттерди көрүү менен жакынкы жылдары өлкөбүздү өнүгүү жолуна салууга салым кошууга милдеттүүбүз. Ар бир айыл чарба кызматкери акылын, билимин жана тажрыйбасын туура колдонуу менен Кыргызстанды өнүккөн бакубат мамлекетке айлантууга жан үрөйт деп үмүт артам.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы.

Агроөнөр жай тармагынын бардык кызматкерлеринин ишмердигин жаңы-жаңы жетишкендиктер коштосун. Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздерге кесипкөйлүктү, талбаган эмгекти жана өжөрлүктү каалайм. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакты-таалай тилейм.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен!”

Пикир

Оставить комментарий